“Жаңы ысымдар” – Бишкекте XII эл аралык студенттик театралдык фестиваль өтөт
13 апрель

“Жаңы ысымдар” – Бишкекте XII эл аралык студенттик театралдык фестиваль өтөт

Ушул жылдын 14–15-апрель күндөрү Бишкек шаарында СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиеванын 100 жылдыгына арналган “Жаңы ысымдар” аталышындагы XI эл аралык студенттик театралдык фестиваль өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты. 

Фестивалдын негизги максаты – жаш таланттарды колдоо, чыгармачылык тажрыйба алмашуу жана эл аралык маданий байланыштарды чыңдоо болуп саналат.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен уюштурулууда.

Бул жылы фестивалга Түркия, Өзбекстан, Казакстан, Россия жана Азербайжандан келген студенттик театр жамааттары катышып, өздөрүнүн мыкты спектаклдерин көрүүчүлөргө сунушташат. Катышуучулар үчүн сахналык искусствонун ар түрдүү багыттарын камтыган чыгармачылык аянтча түзүлөт.

“Жаңы ысымдар” фестивалы жаш актёрлордун жана режиссёрлордун чыгармачылык өсүүсүнө өбөлгө түзүп, жаңы таланттарды ачууга багытталган маанилүү маданий долбоор болуп эсептелет. Фестиваль буга чейин да бир катар ийгиликтүү чыгармачыл инсандардын өнүгүүсүнө жол ачкан.