Кыргызстан менен Түркия музей тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселесин талкуулады
3 февраль

Кыргызстан менен Түркия музей тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселесин талкуулады

КР Улуттук тарых музейинин директору Жылдыз Бакашова Түркиянын элчиси Мекин Мустафа Кемаль Окем баштаган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Жолугушууда музей ишмердүүлүгүн өнүктүрүү, тарыхый инсандар Махмуд Кашгари жана Жусуп Баласагынга арналган бөлүмдөрдү толуктоо, ошондой эле тарых, маданият жана музей тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле Осмон дөөлөтүнүн падышасы II Абдулхамид хан тарабынан Кыргыз беги Жантай уулу Шабданга ыйгарылган Алтын медалдын репликасын Улуттук тарых музейине белек кылып тапшыруу демилгеси колдоого алынды.