Кыргызстан менен Корея салттуу кол өнөрчүлүк жаатында кызматташат
Кыргызстан менен Корея салттуу кол өнөрчүлүк жаатында кызматташат. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, меморандумга 4-сентябрда Кыргызстандын маданият министри Мирбек Мамбеталиев менен Чхонджу шаарынын мэри Ли Бом Сок
Бул маанилүү документ эки элдин достугун, өз ара түшүнүшүүсүн жана чыгармачылык байланыштарын жаңы деңгээлге көтөргөн кадам болуп саналат.
Меморандумдун алкагында көргөзмөлөрдү, чебер-класстарды, тажрыйба алмашууларды жана адистер ортосунда түз байланыштарды кеңейтүү каралган. Бул кызматташтык маданий алакаларды системдүү жана туруктуу нукка буруп, айрыкча салттуу кол өнөрчүлүк, искусство жана чыгармачылык тармагындагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Корея Республикасы өзүнүн бай маданияты жана салттуулукту заманбап технология менен айкалыштырган өнүгүү жолу аркылуу дүйнөгө үлгү болуп келет. Кыргыз тарап бул меморандумдун негизинде мындан ары да эки өлкөнүн ортосундагы тажрыйба жана билимдер менен алмашууга, салттуу кол өнөрчүлүк жаатында биргеликтеги долбоорлорду ишке ашырууга жана кызматташтыкты чыңдоого ишеним артууда.
