Монголиядан келген балдар делегациясы Бишкектин маданий кооз жерлери менен таанышты
29 май

Монголиядан келген балдар делегациясы Бишкектин маданий кооз жерлери менен таанышты

VI «Наристе» Эл аралык балдардын фольклордук фестивалынын катышуучулары Монголиядан келген балдар делегациясы борбор калаанын маданий объекттерине барды.

Маданий программанын алкагында коноктор ачык асман алдындагы скульптура музейи болгон Эмен сейил багына  барып, "Оймо-2026" эл аралык фестивалынын көргөзмөсүн көрүштү.

Мындан тышкары, жаш катышуучулар Панфилов атындагы сейил багына барышып, аттракциондордо көңүлдүү убакыт өткөрүштү.

Балдар Кыргызстандын маданий мурасы, искусствосу жана каада-салттары жөнүндө билип, борбор калаадагы эс алуусунан жагымдуу таасир алышты.