Дамла Сөнмез, Йылдыз Чагры Атиксой. Түркиянын кино жылдыздары Кыргызстанга келди
5 сентябрь

Дамла Сөнмез, Йылдыз Чагры Атиксой. Түркиянын кино жылдыздары Кыргызстанга келди

Бишкектеги «Ала-Тоо» кинотеатрында 4-сентябрда түрк кино күндөрүнүн ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маданий иш-чара Түркиянын Маданият жана туризм министрлиги жана Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен Кинематография департаменти, Түркия Республикасынын Бишкектеги элчилиги жана “Йерли Дүшүнже” коомдук фонду тарабынан уюштурулду.

Иш-чаранын алкагында түрк кино жылдыздары – белгилүү актрисалар Дамла Сөнмез, Йылдыз Чагры Атиксой, Эжем Сена Байыр жана Дуйгу Мержан, ошондой эле актёрлор Барыш Кылычжана Аныл Алтан кызыл килем аземинин ардактуу коноктору болду.

Эске салсак, 4–8-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы маданий алакаларды чыңдоону жана түрк кинематографиясын таанытууну максат кылган “Түркия-Кыргызстан түрк кино күндөрү” иш-чарасы өткөрүлөт.

Ошондой эле, көрсөтүлүүчү тасмалардын режиссёрлору жана продюсерлери менен да жолугушуулар уюштурулат. Ачылыш аземинде көрүүчүлөр Түркиянын 2025-жылдагы Оскар сыйлыгына көрсөтүлгөн тасмасы – “Хемменин өлгөн күндөрүнүн бири” көркөм фильмине күбө болушат. Фильмдин режиссёру жана башкы каарманы Мурат Фыратоглу иш-чарага катышып, көрүүчүлөр менен баарлашат.

Көрсөтүүлөрдүн программасы:

• 4-сентябрь: “Хемменин өлгөн күндөрүнүн бири” – реж. Мурат Фыратоглу

• 5-сентябрь: “Сүйүү байланыштары” – реж. Хакан Куршун

• 6-сентябрь: “Акылдан жүрөккө” – реж. Өзер Фейзиоглу

• 7-сентябрь: “Хай Хак Карагөз – Хаживат” (анимациялык тасма) – реж. Кенан Акташын

• 8-сентябрь: “Эрке” – реж. Онур Үнлү

Бардык көрсөтүүлөр “Ала-Тоо” кинотеатрында өтөт жана кирүү акысыз.