Сүмөлөк кайнап, тилектер айтылды: Ошто Нооруз майрамы башталды
Ош мэриясы
21 март

Сүмөлөк кайнап, тилектер айтылды: Ошто Нооруз майрамы башталды

Ош шаарындагы Барпы Алыкулов атындагы эс алуу багында 20-мартта Нооруз майрамына карата сүмөлөк кайнатуунун салттуу аземи жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Майрамдык иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Исраилов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, жогорку окуу жайлардын ректорлору, коомдук ишмерлер жана шаар тургундары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ош мамлекеттик университетинин өнөрпоздору тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланып, майрамдык маанай шаңга бөлөндү.

Калаа башчысы сүмөлөк кайнатуу жөрөлгөсүндө тилек айтып, жакшы ниеттерин билдирди. Бул салт элдин биримдигин, берекесин жана келечекке болгон ишенимин даңазалаган маанилүү мурас катары өзгөчө белгиленди.

Белгилей кетсек, Нооруз майрамына карата негизги салтанаттуу иш-чара 21-мартта саат 10:00дө Ош шаарынын борбордук аянтында башталып, маданий программа, оюн-зоок иш-чаралары жана концерт менен коштолот.