Атай Огонбаевдин 125 жылдык мааракеси белгиленет
21 октябрь

Атай Огонбаевдин 125 жылдык мааракеси белгиленет

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан 2025-жылдын улуттук жана ведомстволук юбилейлик иш-чараларынын алкагында улуу комузчу, ырчы жана композитор, Кыргыз ССРинин эл артисти Атай Огонбаевдин 125 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленет.

Негизги иш-чаралар:

• Салтанаттуу концерт: 2025-жылдын 27-октябрында саат 18:30да Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.

• Кино жана документалдуу тасмалар: Министрликтин Кинематография департаменти тарабынан Атай Огонбаев тууралуу кыска метраждуу документалдуу тасма даярдалууда. Ошондой эле, “Ала-Тоо” кинотеатрында «Атай» аттуу көркөм тасма 1 сеанс акысыз көрсөтүлөт.

• Илимий-практикалык иш-чаралар: К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университети, Композиторлор жана Музыка ишмерлер союздары менен биргеликте илимий-практикалык конференция өткөрөт

• Эл аралык деңгээлдеги иш-чаралар: ТҮРКСОЙ уюму тарабынан Берлин, Анкара, Будапешт шаарларында концерттер уюштурулат; АКШ жана Түркиядагы музейлерде Атай Огонбаевдин чыгармачылыгы таанытылат.

• Жаңы басылмалар жана көргөзмөлөр: Филология илимдеринин кандидаты А. Джапановдун “Атай Огонбаев” аттуу I томдук энциклопедиясынын бет ачары 2025-жылдын 24-октябрында саат 14:00дө Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында өтөт. Ошондой эле китепканада сүрөт көргөзмөсү жана Атай Огонбаевдин урматына атайын бурч ачылат.

• Түрк дүйнөсүнүн классикалык композиторлоруна киргизүү: Министрлик ЮНЕСКО Улуттук комиссиясына сунуштама берет.

Министрлик бардык иш-чаралардын жогорку деңгээлде өткөрүлүшүн камсыз кылып, Атай Огонбаевдин чыгармачылык мурасын жарандарга жана дүйнө коомчулугуна кеңири таанытууну максат кылат.