Чолпон-Атада "Мейкин Азия" фестивалы расмий түрдө ачылды
Чолпон-Атада 20-июлда "Мейкин Азия" фестивалы расмий түрдө ачылды
Салтанаттуу кечени мамлекет катчы Марат Иманкулов жана маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев ачты.
“Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көл жергесинде өткөрүлүп жаткан IV эл аралык “Мейкин Азия” популярдуу музыка аткаруучуларынын Ысык–Көл фестивалынын салтанаттуу ачылышы менен баарыңыздарды чын дилимден куттуктайм", - деди мамлекет катчы өз сөзүндө.
Ал эми министрдин орун басары Тимурлан Ажымалиев бул фестиваль – маданий-тарыхый зор мааниге ээ машстабдуу иш-чара экенин айтты.
"Өнөр аркылуу биримдикке үндөгөн, дүйнө элдеринин жүрөгүн бир ыргакка бириктирген, тынчтыкты жана достукту туу туткан улуу аянтча. Жыл өткөн сайын фестивалдын масштабы кеңейип, бүгүнкү күндө Азия жана Европа өлкөлөрүнүн таланттуу артисттери үчүн өнөктөштүк, чыгармачыл кызматташтык жана достукту чыңдоонун ачык үлгүсүнө айланып баратат”, - деди ал
Ачылыш аземден кийин эле 25 өлкөдөн келген аткаруучулардын ар бири сахнага чыгып таланттарын тартуулайт.
Фестивалдын биринчи күнү кыргызстандык Jax 02.14, Freeman 996, Баястан, Тамга, Жийдеш Идирисова, ERA, “Номад” триосунун курамында Бек Исраилов, Азат Раимбердиев, Минжашар Мурзаев тобунун аткаруулары менен аяктайт.
