Кыргызстан жана Кытай маданий кызматташтыкты бекемдөө маселесин талкуулады
Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков Кытай Эл Республикасынын маданият министринин орун басары Гао Чжэн менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.
Тараптардын жолугушуусу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин 22-жыйынынын алкагында Кытайдын Шаньдун провинциясынын Циндао шаарында өткөн.
Жолугушууда маданий жаатта эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоого багытталган негизги маселелер талкууланды.
Союзбек Надырбеков Гао Чжэнди Кытайдын 2024–2025-жылдар аралыгындагы ШКУдагы ийгиликтүү төрагалыгы менен куттуктап, Циндао шаарынын 2024–2025-жылдардагы ШКУнун туристтик жана маданий борбору катары жарыялангандыгы алкагында жасалган зор иштерди баса белгиледи.
Тараптар музей ишмердүүлүгү боюнча кызматташтыкты, анын ичинде маданияттар аралык көпүрө болуучу жаңы долбоорлорду түзүү мүмкүндүгүн карап чыгышты.
Ошондой эле тараптар театр, китепкана жана башка маданий мекемелердин өнүгүшүндө тажрыйба алмашууга кызыкдар экендиктерин билдиришти. Бул эки өлкөнүн маданий коомчулугунун өкүлдөрүнүн ортосунда кесиптик байланыштарды чыңдоого өбөлгө болот.
Маданий иш-чараларды биргеликте уюштуруу эки элдин жакындашуусуна жана алардын бай маданий мурасын жайылтууга маанилүү кадам болуп эсептелет.
