
Жалал-Абадда акын Барпы Алыкуловдун 140 жылдык мааракеси белгиленди
Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында белгилүү акыны Барпы Алыкуловдун 140 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.
Министрлер кабинетинин башчысы өз сөзүндө бул күндү “адабият менен маданияттын майрамы” катары белгиледи.
“Коомдогу уникалдуу баалуулуктарды калыптандыруу, өнүктүрүү жана сактоо — бул маданият. Демек, искусство эч качан өлбөйт, таланттуу адамдар элдин эсинде түбөлүк жашайт. Биз бул жерге Барпы Алыкуловдун жаркын элесине таазим кылуу жана муундар ортосундагы руханий байланышты улантуу үчүн чогулдук. Президент Садыр Жапаровдун жана жалпы министрлер кабинетинин атынан бардыгыңыздарды бул маанилүү дата менен куттуктайм”, — деди Акылбек Жапаров.
Ал ошондой эле XIX кылымдын аягы XX кылымдын башы кыргыз поэзиясынын алтын доору болгонун, бул доордо Барпы Алыкулов өзгөчө орунду ээлегенин кошумчалады.
“Анын махабат жөнүндөгү ырлары угармандардын жүрөгүн козгоп, шыктандырып келет. Бул майрам келечек муундарды жаңы шедеврлерди жаратууга жана маданий мурастарды сактоого шыктандырат деп ишенебиз”, — деди Акылбек Жапаров.