Белгилүү жазуучу жана драматург Абибилла Пазыловдун 70 жылдык мааракеси белгиленди
Маданият министрлиги
19 ноябрь

Белгилүү жазуучу жана драматург Абибилла Пазыловдун 70 жылдык мааракеси белгиленди

Ш. Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театрында 18-ноябрда белгилүү жазуучу, драматург, публицист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Абибилла Пазыловдун 70 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.

Мааракеге мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Дайырбеков, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү, кесиптештери жана жакындары катышты.

Иш-чаранын расмий бөлүгүндө Айбек Дайырбеков маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевдин атынан куттуктоо сөзүн сүйлөп, маараке ээсин 70 жылдык торколуу тою менен куттуктады.

Ал өз сөзүндө Абибилла Пазыловдун көп жылдык чыгармачылык эмгегин белгилеп, анын кыргыз адабиятынын жана театр искусствосунун өнүгүшүнө кошкон салымына токтолду.

«Сиз жазуучулук, журналисттик жана драматургиялык багытта талыкпай эмгектенип, кыргыз театр искусствосунун өнүгүшүнө зор салым кошуп келесиз. Чет өлкөлүк көрүнүктүү жазуучулардын жана драматургдардын чыгармаларын кыргыз тилине которуп, улуттук сахнага алып чыгуу менен көрүүчүлөрдүн руханий дүйнөсүн байытууга кызмат кылып жатасыз. Мындан ары да калемиңиз курч болуп, чыгармачылык эргүү менен элибизге ак эмгегиңизди арнай бериңиз. Сизге чың ден соолук, узак өмүр жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайм»,- деди Айбек Дайырбеков.

Салтанаттын соңунда мааракеге арналган «Журт» спектакли көрсөтүлдү.