«Алыкул Фест»: Чүй облусунда эл аралык поэзия фестивалы жыйынтыкталды
Маданият министрлиги
22 сентябрь

«Алыкул Фест»: Чүй облусунда эл аралык поэзия фестивалы жыйынтыкталды

Чүй облусунун Панфилов районунун Каптал-Арык айылындагы Алыкул Осмонов атындагы мемориалдык музейинде 21-сентябрда эл аралык «Алыкул Фест» поэзия фестивалынын жыйынтык этабы өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Фестиваль Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына, Чүй облусунун 100 жылдыгына жана Алыкул Осмонов атындагы «Ак тилек» адабий ийриминин 45 жылдыгына арналды.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ч. Эсенаманова, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э. Ашимбаев, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Р.Бакеев, Кыргыз Республикасынын Баатырлары, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер М. Шеримкулов жана А. Жумагулов, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер Ж. Түмөнбаева, А. Эрматов, Ж. Азылов, акын-жазуучулар, чыгармачыл инсандар, жаш калемгерлер жана адабият сүйүүчүлөрү катышты.

Фестивалга Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кытай Эл Республикасынан илим, адабият жана искусство чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын алкагында китеп көргөзмөсү, кол өнөрчүлүк жарманкеси уюштурулуп, катышуучулар Алыкул Осмоновдун мемориалдык музейи менен таанышып, акындын эстелигине гүл коюшту.

Фестивалда Алыкул Осмоновдун чыгармачылык мурасы, кыргыз адабиятына кошкон салымы жана жаш калемгерлерди колдоонун мааниси белгиленди.

Фестивалдын жыйынтыгында:

  • Баш байге — Нурлан Камчыбеков;
  • I орун — Нурзада Макеева;
  • II орун — Айгүл Жамангалова;
  • III орун — Махабат Молдалиева.

Иш-чаранын соңунда М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын артисттери Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгына арналган «Өлбөстүккө ода» спектаклин тартуулашты.

«Алыкул Фест» фестивалы Алыкул Осмоновдун чыгармачылык мурасын жайылтууга, жаш калемгерлерди колдоого жана эл аралык адабий-маданий байланыштарды бекемдөөгө багытталган.