Көчмөндөр оюндары. Мадаминов этно шаарын куруу кайсы этапка келгенин айтты
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кызуу жүрүүдө. Учурда Кырчын жайлоосундагы этно шаарчасын жана Бишкектеги “Бишкек Арена” стадионун куруу иштери уланып жатат.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов аталган министрликтин ачык кабинетинде билдиргендей, учурда этно шаарчада 350дөн ашуун адам иштөөдө. Алар бир нече бригадага бөлүнүшкөн жана ар бир өз ишин аткарып, андан кийинки бригадага объекти өткөрүп берип турушат.
Мисалы, министрдин орун басарынын айтымында, бир бригада рейкасын казат, а бирөөсү фасадды көтөрүп, сыртын шыбайт. Ал эми ширетүүчүлөр металл конструкция менен негизги пайдубалын түптөйт. Дагы бир бригада дарбазаларды тургузат. Ал эми бир бригала Хан боз үйүндө иштеп жатышат.
“Боз үйлөрдү орнотууда жер кыртышын бузулган жок. Бир бригада аларды орноткондон кийин, кийинки бригада – декораторлор келип кооздоп чыгып кетип жатышат. Жалпысынан алганда, жасалчу жумуштун 70 пайызы бүттү”, – деди Мадаминов.
Айтымында, андан сырткары эки бригада этно шаарга суу жеткирүү, дагы бир бригада электр тогуна туташтыруу менен алектенүүдө.
Ошондой эле Мадаминов белгилегендей, долбоор боюнча этно шаарга 120га жакын даараткана курулуу каралган. Учурда подрядчиктер менен сүйлөшүү жүрдү жана бул боюнча жоопкерчилик атайын бир бригадага жүктөлөт. Этно шаарча план боюнча августтун башына чейин пайдаланууга өткөрүлүп берилээрин жана каражат жагынан эч кандай кыйынчылык жоктугун да белгиледи.
