ФИФА президенти Кыргызстанда FIFA ARENA долбоорунун ишке кириши менен куттуктады
12 май

ФИФА президенти Кыргызстанда FIFA ARENA долбоорунун ишке кириши менен куттуктады

ФИФАнын президенти Жанни Инфантино өз кайрылуусунда Камчыбек Ташиевди жана Кыргыз футбол биримдигин FIFA Arena кичи аянтчасынын ачылышы менен куттуктады. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты.

«Баарыбыз жакшы көргөн футболду ойноону кыялданган ар бир уул-кыз үйрөнүү, ойноо жана өсүү үчүн коопсуз аймакка ээ болуп жатат», – деп жазды ФИФАнын президенти.

Кыргызстан FIFA ARENA долбоору ишке кирген 11 өлкөнүн бири болуп калды.

Учурда долбоор Кыргыз футбол биримдигинин жетекчилиги алдында ишке ашырылууда.

Ага ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь районунун администрациясы менен биргеликте пилоттук негизде №91 жана №60 орто мектептерге караштуу аймактарга кичи футбол аянтчалары курулду.

Оюн аянтчалары коопсуз, экологиялык жактан таза жана ФИФАнын заманбап техникалык стандарттарына ылайык келет.