Нурхан Самидинов Дүйнөлүк Универсиадада коло медалга ээ болду
19-июль күнү Германиянын Эссен шаарында Кыргызстандык Таэквондо боюнча спортчу Нурхан Самидинов Германияда өтүп жаткан Дүйнөлүк жайкы Универсиадада коло медаль утту.
Ал мелдеште Австралиялык Хили Сетди 2:0 эсебинде, Япониялык Охара Русейди 2:0 эсебинде жана Египеттик Моатазбеллах Ассем Атта Абусереаны 2:0 эсебинде жеңип, жарым финалда Америкалык Йонгсок Итан Ган менен беттешип спортчу 54 кг салмакта үчүнчү орунду камсыз кылды.
Мелдешке жалпы 30 спортчу катышкан.
Белгилей кетсек, Нурхан Самидинов И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде окуйт.
