Бишкекте 25-26-октябрь күндөрү эл аралык профессионалдык бокс турнири өтөт
9 октябрь

Бишкекте 25-26-октябрь күндөрү эл аралык профессионалдык бокс турнири өтөт

Бишкекте үстүбүздөгү жылдын 25-26-октябрь күндөрү Bishkek Arena`да экинчи эл аралык профессионалдык бокс турнири өтөт. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйында Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин президенти Умбеталы Кыдыралиев билдирди. 

Иш-чара Saikou X Lush Boxing Promotions компаниясы тарабынан уюштурулуп жатат. 

Кесипкөй бокс турниринин алкагында  беш титулдук беттеш өтүп, анын ичинде WBA Asia, WBI жана IBF версияларынын курлары ойнотулат. Бул — дүйнөлүк деңгээлде таанылган жана атактуу мушкерлер күч сынашып жүргөн титулдар.

Кыргызстандын атынан рингге 10 мушкер чыгат. Алардын катарында WBA Asia куру үчүн ат салыша турган Дилмурад Сатыбалдиев жана "Самат кыргыз" каймана аты менен белгилүү болгон Самат Абдырахманов бар. 

Ошондой эле Абдыжапар уулу Сыргак, Нуржигит Дүйшөбаев, Жеңиш Улпатов, Аскат Култаев, Арген Кадырбеков, Адилет Качкынбеков жана Нурсултан Тулекулов да өлкөнүн намысын коргоо үчүн рингге чыгышат.

"25-26-октябрда турнирдин алкагында кесипкөй жана титулдук беттештер өтөт. Анын алкагында бир катар кыргыз мушкерлери рингге чыгат. Алардын арасында "Самат кыргыз" деген ат менен да белгилүү болгон кыргызстандык мушкер Самат Абдырахманов бар. Бардык катышуучуларга ийгилик каалайбыз", - деди ал.