Кыргызстандык спортчулар тайбокс боюнча дүйнө чемпионатында 12 медаль жеңди, алтын алтоо алтын
20 март

Кыргызстандык спортчулар тайбокс боюнча дүйнө чемпионатында 12 медаль жеңди, алтын алтоо алтын

Ушул жылдын 10–20-март күндөрү Бангкок шаарында (Таиланд) тайбоксу боюнча (муай тай) дүйнө чемпионаты өтүп, Кыргызстандын атынан жаштар жана өспүрүмдөр арасында жалпы 12 спортсмен байгелүү орундарды ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кабарлайт. 

Мелдештин жыйынтыгы боюнча курама команда 6 алтын, 2 күмүш жана 4 коло медаль жеңип алды.

Алтын медаль ээлери:
Вероника Ахматова (54кг чейин)
Диана Зайнитдинова (57 кг чейин)
Нурдоолот Борубеков (63кг чейин)
Роберт Пак (67кг чейин)
Богдан Прошин (75кг чейин)
Элдар Ешбаев (81 кг чейин) 

Күмүш медаль ээлери:
Эркаим Айбекова (60кг чейин)
Адис Мирболотов (63кг чейин)

Коло медаль ээлери: 
Мекин Асаналиев (57кг чейин)
Алихан Закиров (67кг чейин)
Рашид Магомедов (71кг чейин)
Раул Рахатбек  (71кг чейин)