«Талас Арена» стадиону 2-ноябрда ачылат
Талас шаарындагы «Талас Арена» стадионунун салтанаттуу ачылышы 2-ноябрда өтөт.
Иш-чарадан кийин аренада Жогорку лиганын 29-турунун алкагында Беш-Күңгөй айылынан келген «Талант» жана таластык «Азия» футбол клубдары беттешет.
«Талас Арена» 2026-жылдын башында негизделген «Азия» футбол клубунун үй стадиону болот. Клуб Талас облусунда футболду өнүктүрүүгө жана жергиликтүү жаш оюнчуларды даярдоого багытталган.
Жаңы стадион 5 миңден ашык көрүүчүгө ылайыкталган. Негизги футбол талаасы табигый газон менен жабдылып, анын айланасына чуркоо жолдору салынган.
Комплекстин аймагында жасалма газон төшөлгөн машыгуу талаасы, үч чакан оюн аянтчасы, воркаут зонасы жана фудкорт да болот.
Үч кабаттуу трибуналардын астында спортчулар үчүн кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, функционалдык жайлар, жатакана, ашкана, конференц-зал, административдик бөлмөлөр жана фитнес-зал каралган.
Мындан тышкары, VIP-коноктор, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, телетрансляция адистери жана матчтын расмий өкүлдөрү үчүн өзүнчө орундар уюштурулган. VAR системасын орнотууга да шарт түзүлгөн.
Стадиондун аймагында жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп, унаа токтотуучу жай уюштурулган.
