КФБнын регионалдык футбол ассоциациялары менен жыйын өттү
26 март

КФБнын регионалдык футбол ассоциациялары менен жыйын өттү

Бүгүн, 26-март күнү Кыргыз футбол биримдигинде аймактык футбол ассоциацияларынын өкүлдөрүнүн жана КФБнын башкы катчысы Медербек Сыдыковдун катышуусунда жыйын өттү. Жыйында өзгөчө региондордо курушул иштериинин жүрүшү жана массалык футболду өнүктүрүп, жаш таланттарды даярдоо боюнча маселелер каралды.

Талкуунун жүрүшүндө спорттук объекттерди куруу жана реконструкциялоо маселелери каралып, региондордогу футболду өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу пландары белгиленди. Айрыкча, быйыл күзүндө баштала турган FIFAнын «Футбол мектепте» долбооруна басым жасалды. Ошондой эле, жаш футболчуларды даярдоо боюнча маселелер көтөрүлдү.

Бул багытта Улуттук футбол академиясы, Асылбек Мамунов атындагы академиясы, «Барселона» академиясы жана Республикадык Спорт Колледжи (РСК) сыяктуу борборлордо машыгып жаткан таланттуу балдарга көңүл буруу керектиги айтылды. Мындан тышкары, аймактардагы билим берүү мекемелеринин тизмесин түзүү, окуучулардын саны, машыктыруучулардын жеткиликтүүлүгү жана аларда «D» жана «C» лицензияларына ээ болушу тууралуу маалымат топтоо маселелери талкууланды.

Бул кадам өлкө боюнча таланттуу жаш футболчуларды аныктоого жана аларды Кыргызстандын U-17, U-20, U-23 жана улуттук курама командаларына даярдоого өбөлгө түзөт. Жыйында аймактык турнирлерди жана футбол фестивалдарын уюштуруу, жергиликтүү бийлик органдары жана Билим берүү министрлиги менен кызматташуу аркылуу балдар футболун колдоо маселелери да каралды.