Темир Бикбоев III Өспүрүмдөр Азия оюндарында күмүш медаль жеңди
Бахрейн Падышалыгынын Манама шаарында өтүп жаткан III Өспүрүмдөр Азия оюндарынын алкагында пенчак силат боюнча мелдештин жыйынтыгында кыргызстандык спортчу Темир Бикбоев 59–63 кг салмак категориясында күч сынашып, экинчи орунду ээлеп, күмүш медаль жеңди.
Пенчак силат боюнча Кыргызстандын спортчулары башкы машыктыруучу Каныбек Бикбоевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышууда.
