Акыйкат Күлжигит уулу “Pytlasinski” эл аралык турниринин чемпиону болду
1 август

Акыйкат Күлжигит уулу “Pytlasinski” эл аралык турниринин чемпиону болду

31-июлда Польшада өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча “Pytlasinski” эл аралык турниринин экинчи күнүндө кыргыз балбаны Акыйкат Күлжигит уулу чемпион аталды.

Ал 55 кг салмак категориясында күч сынашып, бардык атаандаштарын жеңип өтүп, алтын медалга ээ болду.