Кыргызстандык спортчулар Албаниядагы турнирде 9 медаль жеңди, анын экөө алтын
3 март

Кыргызстандык спортчулар Албаниядагы турнирде 9 медаль жеңди, анын экөө алтын

Кыргызстандын спорттук күрөш (эркин, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү) боюнча улуттук курама командасы Албаниянын Тирана шаарында өткөн рейтингдик мелдеште 9 медаль утту. Анын экөө алтын, үчөө күмүш жана төртөө коло.

Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашкандай, мелдеш 26-февралда башталып, 2-мартта жыйынтыкталды.

Грек-рим күрөшү боюнча алтын медаль уткандар:

  • Ырыскелди Максатбек уулу (77 кг),
  • Раззак Бейшекеев (67 кг).

Күмүш медаль уткандар:

  • Дөөлөтбек Чойбеков (63 кг чейинки салмакта)
  • Баяман Каримов (67 кг),
  • Ырыскелди Хамзаев (72 кг).

Курама команда башкы машыктыруучу Уран Жузуп уулу жана улук машыктыруучу Атай Замирбековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Эркин күрөш боюнча:

  • 65 кг чейинки салмакта Тайырбек Жумашбек уулу күмүш медаль утса, Билол Шарип уулу коло медалга ээ болду.
  • 57 кг чейинки салмакта Алмаз Сманбеков 3-орунду ээледи.

Курама башкы машыктыруучу Азат Мирахимов жана улук машыктыруучулар Ильгиз Жакыпбеков, Эламан Догдурбек уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Ошондой эле кыз-келиндер арасында 76 кг чейинки салмак категориясында Айпери Медет кызы күмүш медалга ээ болду

Белгилей кетсек, улуттук курама команда башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков жана улук машыктыруучу Нурдан Донбаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.