Адилет Жапаркулов Кыргызстандын тарыхындагы эркин күрөш боюнча алгачкы Сурдлимпиада чемпиону болду
24 ноябрь

Адилет Жапаркулов Кыргызстандын тарыхындагы эркин күрөш боюнча алгачкы Сурдлимпиада чемпиону болду

Бүгүн, 24-ноябрда кыргызстандык спортсмен Адилет Жапаркулов Япониянын Токио шаарында өтүп жаткан XXV Жайкы Сурдлимпиада оюндарында чемпион болду. Анын бул жеңиши Кыргызстан үчүн Сурдлимпиада тарыхындагы алгачкы алтын медаль болуп, ошол эле учурда өлкөнүн эркин күрөш боюнча алгачкы медалы болуп саналат.

Ал 74 кг салмак категориясында күч сынашты.

Адилет Жапаркулов 23-ноябрда 1/8 финалдык беттештен баштап, Казакстандын балбаны Тургынбай Гассырды 3:1 эсеби менен жеңген. Чейрек финалда Беларусь спортчусу Алексей Колесник менен беттешип, аны 7:2 эсеби менен уткан.

Жарым финалда кыргызстандык балбан Денис Трехубенко менен кармашты 5:2 эсеби менен жыйынтыктаган.

Бүгүн, 24-ноябрда финалдык беттеште Адилет Жапаркулов Ирандын спортчусу Аболфаси Зохревандды 3:0 эсеби менен жеңип, XXV Жайкы Сурдлимпиада оюндарынын чемпиону аталды.