Бишкекте эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр арасында Эл аралык мелдеш өтөт
20 февраль

Бишкекте эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр арасында Эл аралык мелдеш өтөт

Бишкекте 22-23-февраль күндөрү эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр (U-17) арасында XXVIII Эл аралык мелдеши өтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти. 

Жеңүүчүлөргө “Тайманбас” олимпиадалык резервдеги балдар өспүрүмдөр спорт мектеби тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.

Катышуучулар 45, 48, 51, 55, 60, 65, 71, 80, 92, 110 кг салмак категорияларында күч сынашат.

Белгилей кетсек, мелдеш Р.Санатбаев атындагы спорт комплексинде СССРдин спорт чебери,  Кыргыз СССРнин эмгек сиңирген машыктыруучусу Раджап Жанаевдин жаркын элесине арналган.