Азия чемпионаты (U-15): Кыргызстандык балбандар 18 медаль жеңип утту
Ушул жылдын 5-7-июль күндөрү Бишкекте 15 жашка чейинки спортчулар арасында күрөш боюнча Азия чемпионаты (U-15) өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Жалпысынан өспүрүм балдар жана кыздар арасында грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 30 медаль топтому ойнотулду.
Кыргызстандык спортчулар жалпысынан 18 медаль жеңип алды - 2 алтын, 5 күмүш жана 11 коло.
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы - 7 медаль (1 алтын, 2 күмүш, 4 коло), кыз-келиндер күрөшү боюнча - 6 медаль (1 күмүш, 5 коло), ал эми эркин күрөш боюнча - 5 медаль (1 алтын, 2 күмүш, 2 коло) алды.
Кыргызстандык жеңүүчүлөр менен байге ээлеринин тизмеси:
Алтын медаль:
- Марсель Ооганов – эркин күрөш;
- Хасан Гасанов – грек-рим күрөшү.
Күмүш медаль:
- Умар Баатырбеков – эркин күрөш;
- Адилет Муканбетов – эркин күрөш;
- Калича Кылычбекова – эркин күрөш.
- Нурислам Шаимкулов – грек-рим күрөшү;
- Байэль Асылбеков – грек-рим күрөшү.
Коло медаль:
- Билал Долоталиев – эркин күрөш;
- Абриэль Аманов – эркин күрөш;
- Арууке Нурбекова – эркин күрөш;
- Жасмина Арзыбаева – эркин күрөш;
- Аяна Ниязбекова – эркин күрөш;
- Аяна Асылбекова – эркин күрөш;
- Алина Жаркынбаева – эркин күрөш.
- Юсуф Баялиев – грек-рим күрөшү;
- Нурэль Өзгɵнов – грек-рим күрөшү;
- Бакай Рустамов – грек-рим күрөшү;
- Нурдин Анаркулов – грек-рим күрөшү.
