Кыргыз балбандары Польшада өтүп жаткан эл аралык турнирде 3 коло медаль жеңди
31 июль

Кыргыз балбандары Польшада өтүп жаткан эл аралык турнирде 3 коло медаль жеңди

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Польшанын борбору Варшава шаарында өтүп жаткан “Pytlasinski” эл аралык турниринин биринчи күнүндө 3 коло медаль жеңди.

Аталган турнирде кыргыз балбандары Асан Жанышов 87 кг, Ырыскелди Максатбек уулу 77 кг жана Ырыскелди Хамзаев 72 кг салмак категориясында күрөшүп, коло медалдарды багындырды.

Владислав Пытлясинскийдин жаркын элесине арналган бул турнир кечээ, 30-июлда Варшавада башталган.