Футзал боюнча улуттук курама БАЭге каршы беттешке даярдык көрө баштайт 
7 апрель

Футзал боюнча улуттук курама БАЭге каршы беттешке даярдык көрө баштайт 

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы 7-апрелден баштап Бириккен Араб Эмираттарына каршы жолдоштук беттештерине даярдыктын алкагында окуу-машыгуу жыйын өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти. 

Машыгуулар Бишкек шаарындагы КФБ академиясынын спорткомплексинде өтөт.

Улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Луис Бернат Молина окуу-машыгуу жыйынга 11 талаа оюнчу жана 3 дарбазачыны чакырды.