Башкы консул Максат Тентимишов Свердлов облусунун дене тарбия жана спорт министири менен жолугушту
15 март

Башкы консул Максат Тентимишов Свердлов облусунун дене тарбия жана спорт министири менен жолугушту

13-мартта Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Максат Тентимишов Свердлов облусунун дене тарбия жана спорт министири Леонид Рапопорт менен жолугушту.

Жолугушууда спорт жана дене тарбия жаатындагы эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү, Свердлов спортчуларын Ысык-Көлдө машыктыруу, спорттук кадрларды даярдоо жана алмашуу маселелери талкууланды.

Ысык-Көл облусунун эң сонун жаратылыш жана климаттык шарттарыбайланыштуу учун дене тарбия жана спорт министири Свердлов облусунун командаларынын спорттун ар кандай дисциплиналары боюнча көбүрөөк машыгуу жыйындарын өткөрүүгө чоң кызыгуусун билдирди, анткени «орто тоо бийиктигинде" машыгуу спортчуларга мелдештерде мыкты жыйынтыктарды көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.

Тараптар спорт жана дене тарбия жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин андан ары талкуулоо үчүн Л.Рапопорттун Кыргызстанга сапарын уюштурууну макулдашышты.

Свердлов облусунун спорт жетекчиси Кыргызстандын футбол командасын 7-10-июлда ИННОПРОМ-2025 көргөзмөсүндө өтө турган футболдук турнирге катышууга чакырды. Кыргыз Республикасынын Башкы консулу бул турнирге сөзсүз түрдө КРнын футбол федерациясына чакыруу жиберерин ишендирди.