Эрмек Маркабаев Футзал ассоциациясынын вице-президенти болуп дайындалды
19 февраль

Эрмек Маркабаев Футзал ассоциациясынын вице-президенти болуп дайындалды

Кыргызстандын Футзал ассоциациясынын вице-президенти болуп Эрмек Маркабаев дайындалды.

КФБнын башкы катчысы Медербек Сыдыков жана ассоциациясынын президенти Нурдин Букуев бүгүн Эрмек Маркабаевди кабыл алып, аталган кызматка дайындалышы менен куттукташты.

"Эрмек Маркабаевди спорт уюмунун башкаруу түзүмүнө жаңы адамдарды тартуу, аларды футзалды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча Ассоциациянын ишмердүүлүгү менен байланышкан бардык процесстерге аралаштыруу, ошондой эле, пландаштырылган иш-чараларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон кошумча финансылык жана материалдык ресурстарды тартуу зарылчылыгы менен шартталган", - деп айтылат маалыматта.