Денис Петрашов Дүйнөлүк универсиадада алтын медаль утту
20 июль

Денис Петрашов Дүйнөлүк универсиадада алтын медаль утту

Кыргызстандык спортчу, суучул Денис Петрашов Германиянын Эссен шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк Универсиадада алтын медаль утуп алды.

Ал 100 метр аралыкка брасс ыкмасы менен сүзүү боюнча мелдешке катышып, мыкты жыйынтык көрсөттү.

Алгачкы, тандап алуу этаптарында Петрашов 1 мүнөт 0,63 секунда убакыт менен финишке келип, үчүнчү орунду ээлеп, жарым финалга жолдомо алган. Жарым финалда ал жакшы көрсөткүч менен 1 мүнөт 0,27 секунданы көрсөтүп, бешинчи орун менен финалга чыкты.

Финалдык сүзүүдө кыргызстандык спортчу 59,32 секундалык жыйынтык көрсөтүп, атаандаштарын артта калтырып, биринчи орунду ээледи. Бул жеңиш менен ал Кыргызстанга алтын медаль алып келди.