Бишкекте бокс боюнча эл аралык мелдеш өтүүдө
30 апрель

Бишкекте бокс боюнча эл аралык мелдеш өтүүдө

Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда 29-апрелде Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча XXXXVII эл аралык мелдеши башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. 

Салтанаттуу ачылыш аземине министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт Мамлекеттик агенттигинин директору Айбек Абдымомунов, Улуттук Олимпиада комитетинин төрагасы Үмөтаалы Кыдыралиев жана федерация өкүлдөрү катышты.

Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Таджикистан, Россия, Германия, жана Испаниядан 150 спортчу катышууда.

Катышуучулар 48, 51, 54, 57, 60, 63.5, 67, 71, 75, 80, 86, 92, +92 кг чейинки салмак категорияларында күч сынашууда.

Мелдеш 3-майда жыйынтыкталат.