Бишкекте комбат джиу-джитсу боюнча Кыргызстандын биринчилиги өтүүдө
18 апрель

Бишкекте комбат джиу-джитсу боюнча Кыргызстандын биринчилиги өтүүдө

Бишкектеги Газпром ден соолукту чыңдоо борборунда 17-апрелде комбат жиу-житсу боюнча Кыргызстандын биринчилиги башталды.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, чемпионат өспүрүмдөр, жаштар жана чоңдор арасында өтүп жатат.

Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышууда.

Белгилей кетсек, мелдештин биринчи күнү Граун-Файт түрүнөн болуп өттү. Экинчи күнү Фул-Контакт түрүнөн өтөт.

Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.