Эрназар Акматалиев Казакстанда өткөн эл аралык мелдеште алтын утту
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Казакстандын Тараз шаарында өткөн эл аралык мелдеште 4 медаль утту. Анын бирөө алтын, үчөө коло. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.
- 70 кг чейинки салмакта Эрназар Акматалиев алтын медаль тагынды;
- Алмаз Сманбеков (61 кг), Аден Сакыбаев (70 кг) жана Орозобек Токтомамбетов (74 кг) коло медалга ээ болушту.
Белгилей кетсек, мелдеш Динмухаммед Кунаевдин жаркын элесине арналып өткөрүлгөн.
