Сокулукта борбордук спорт комплекси ачылды. Иш-чарага Камчыбек Ташиев катышты
8 октябрь

Сокулукта борбордук спорт комплекси ачылды. Иш-чарага Камчыбек Ташиев катышты

Бүгүн, 8-октябрда Сокулук районунун жаңы спорт комплексинин салтанаттуу ачылыш аземи өтүп, ага КФБ президенти Камчыбек Ташиев катышты. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты.

КФБ жетекчиси Сокулук районунун тургундарын жаңы стадион менен куттуктады.

«Эми бул жерде футболдук беттештер, балбандардын таймаштары, маданий иш-чаралар жана элдик майрамдар өтөт. Биздин максат – ар бир райондо спорттук инфраструктураны өнүктүрүү, жаштарга мүмкүнчүлүк түзүү, жана Кыргызстандын даңкын дүйнөгө чыгаруу», – деп белгиледи өз сөзүндө КФБ жетекчиси.

Салтанаттуу ачылыш аземи алкагында кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусундагы концерт тартууланып, ачылыш азем Кыргыз Республикасынын Улуттук Лигасынын Кубогу үчүн финалдык «Семетей» (Кызыл-Кыя) – «Легенда» (Көк-Жаңгак) беттеши менен уланды.

Маалымат үчүн: Азыркы заманбап спорт комплекстин аймагындабуга чейин орун алган стадион 1962-жылы курулуп, эскиликке жетип, 2024-жылы реконструкцияга берилген.

Сокулук айылынын Ленин көчөсүндө орун алган спорт комплекске караштуу аймактын жалпы аянты 1,5 гектарды түзөт. Заманбап талаптарга жооп берген стадиондун трибуналары 2 200 көрүүчүгө ылайыкталган.

Спорт комплекстин аймагында орун алган стадиондо кийим алмаштыруучу бөлмө, мелдешфтерди өткөрүү үчүн бир нече функционалдык жана административдик бөлмөлөр, VIP-коноктор, медиа өкүлдөрү, ТВ адистери, беттештин расмий өкүлдөрү жана калыстар үчүн жана VAR-системасы үчүн бөлмөлөр орун алды.

Стадионду негизги оюн талаасы жасалма чөптүү болду. Ал эми стадиондун өзү жарык берүүчү заманбап шам-чырактар менен жабдылып, футболдук беттештерди жана иш-чараларды кечки убакытта өткөрүүгө шарт түздү.

Спорт комплекстин аймагында стадиондон сырткары футзал аянтчасы жана күрөш машыгуу залы орун алды.

Курулуш Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан ишке ашырылды.