Кыргызстандык самбочулар Америкада өткөн мелдеште 6 алтын медаль утушту
Кыргызстандын самбо боюнча курама командасынын мүчөлөрү Американын Жоржия штатынын Атланта шаарында өткөн Ачык Континенталдык Кубогунда 10 медаль утту. Анын алтоо алтын, үчөө күмүш жана бирөө коло медаль. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.
Мелдеш 5-апрель күнү болуп өттү.
Күжүрмөн самбо боюнча:
- 1-орун – +88 кг Таласбек Нуралиев;
- 1-орун – 54 кг Канышай Аманкулова;
- 2-орун – 64 кг Саяк Бараканов;
- 2-орун – 79 кг Таалай Бурганаков;
- 3орун – 79 кг Курманбек Замирбек уулу.
Спорттук самбо боюнча:
- 1-орун – 54 кг Канышай Аманкулова;
- 1-орун – 64 кг Саяк Бараканов;
- 1-орун – 88 кг Нурсултан Уланов;
- 1-орун – 79 кг Байэл Джакшылыков;
- 2-орун – 79 кг Феликс Уланбеков.
Курама команда башкы машыктыруучу Азамат Казакбаев, улук машыктыруучу Ильяз Каналбек уулу жана машыктыруучу Кулунбек Эстебесовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
