Кыргызстандык боксчулар Астанада өтчү дүйнө кубогуна катышат
Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Казакстандын Астана шаарында өтө турган дүйнө кубогуна катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирет.
Курама команданын тизмеси:
- 60 кг Мирозахид Имамназаров;
- 65 кг Омар Ливаза;
- 70 кг Алмаз Орозбеков;
- 75 кг Нурадин Рустамбек уулу;
- 80 кг Өмүрбек Бекжигит уулу.
Курама команда башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана улук машыктыруучу Акыйкат Абаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышат.
