Кадамжайда жабык спорттук суу бассейнинин курулушу жүрүүдө
Баткен облусунун Кадамжай шаарында жабык спорттук суу бассейни курулууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Бассейн шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык ишкана болуп эсептелет.
Объекттин курулушуна Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталып, республикалык бюджеттен каралган 500 млн сомдун эсебинен 44,0 млн сом, шаардык мэриядан 11 млн сом жумшалууда.
Бассейн ишке берилсе, күн сайын 50-60 адамдын келип эс алуусуна шарт түзүлөт. 10 адам жумуш менен камсыз болот.
Бүгүнкү күндө объекттин курулуш иштери 70%га бүткөн. Келечекте жарандардын бардык мезгил үчүн келип эс алуусуна ыңгайлуу шарттар түзүлөт.
