Кыргызстандын айымдар улуттук курамасы Азия Кубогунун тандап алуу оюндарына аттанды
Кыргызстандын айымдар улуттук курамасы Азия Кубогунун тандап алуу оюндарына аттанды, деп билдирет Кыргыз футбол биримдигинин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, КФБнын биринчи вице-президенти Нурдин Букуев Кыргызстандын улуттук айымдар курамасынын оюнчулары, команданын машыктыруучулук жана административдик штабынын мүчөлөрү менен жолукту.
Жолугушууга ошондой эле кыз-келиндер футбол ассоциациясынын президенти Салтанат Эгембердиева катышты.
Белгилесек, Азия Кубогунун тандап алуу оюндарында башкы машыктыруучу Нематжан Закировдун жетекчилигиндеги биздин курама Индонезия, Кытайлык Тайбэй, Пакистан курамалары менен кез келет. Тайпанын беттештери 29-июнь-5-июль күндөрү Индонезиянын Тангеранг шаарында орун алат.
КФБ жетекчиси командага ийгиликтерди каалап, жолдомону жеңип келишин тиледи.
