«В» категориясынын сертификаттарын алуу үчүн машыктыруу курсун аяктаган
Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде «B» сертификаты үчүн машыктыруучулар курсунун жыйынтыктоочу модулу өтүп, катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.
Окутуу 23-сентябрда старт алып, ага жалпы 24 машыктыруучу катышты. Курстун максаты машыктыруучулук компетенцияны өнүктүрүү жана 13-18 жаштагы оюнчулар үчүн командалык тактиканы башкаруу жана үйрөтүү болуп эсептелинет.
Анын негизинде машыктыруучулар теориялык жана практикалык билимдерге ээ болушту.
Окутууда инструктордук милдетти - Ормомбеков Анарбек, Кашуба Светлана жана Нематжан Закиров аткарды.
Белгилей кетсек, жакынку убакытта катышуучулардын жыйынтыктоочу сынактарынын негизинде АФКнын «Б» категориясындагы машыктыруучулук лицензиялары ыйгарылат.
