Чамдаңыз! Спорт журналисттери арасында сынак жарыяланды
15 январь

Чамдаңыз! Спорт журналисттери арасында сынак жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Спорт Федерациялар Союзу жана Кыргыз Республикасынын Спорт Журналисттер Федерациясы спорт журналисттери арасында чыгармачылык сынакты расмий түрдө жарыялайт.

Сынактын максаты

Бул иш-чара спорт тармагында мыкты материалдарды жаратып, тармактын өнүгүшүнө салым кошкон журналисттерди жана студенттерди аныктоого багытталган. Ошондой эле, бул сынак ММК өкүлдөрүн чыгармачылыкка шыктандырып, жаңы деңгээлге жеткирүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Номинациялар:

  • Жылдын мыкты видеорепортажы
  • Жылдын мыкты фоторепортажы
  • Жылдын мыкты даректүү тасмасы
  • Жылдын мыкты комментатору
  • Жылдын мыкты маеги
  • Жылдын ачылышы (студенттер арасында)
  • Кимдер катыша алат?
  • Журналистика тармагында эмгектенген бардык өкүлдөр;
  • Журналистика факультеттеринин жана бөлүмдөрүнүн студенттери.

Катышуунун шарттары:

  • Катышуу үчүн алдын ала катталуу талап кылынат; https://docs.google.com/forms/d/1KhKYi75R4SHuug1gGuxInivV7s4qL1GzsH4winZAs6w/edit 
  • Катышуучу эки гана номинацияга тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ;
  • Бардык материалдар календардагы спорттук окуялар менен чемпионаттарды камтышы керек;
  • Автордук укуктар сакталышы зарыл;
  • Бир жыл ичинде 10 ар кандай спорт түрүн чагылдыруу милдеттүү.
  • Жеңүүчүлөрдү аныктоо:
  • Калыстар тобу журналистика тармагында тажрыйбалуу адистерден куралган. Сынакка берилген материалдар атайын түзүлгөн Telegram тайпаларына жүктөлүп, ар тараптуу бааланат.

Сыйлыктар:

Ар бир номинациянын жеңүүчүсү 50 000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлыкка ээ болот.

Катышуу үчүн чакыруу катталыныз https://docs.google.com/forms/d/1KhKYi75R4SHuug1gGuxInivV7s4qL1GzsH4winZAs6w/edit 

Сынакка катышуу чыгармачылык жөндөмүңүздү көрсөтүүгө жана кесиптик деңгээлиңизди жогорулатууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.