Ысык-Көлдө кол күрөш боюнча Азия чемпионаты башталды
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
8 июнь

Ысык-Көлдө кол күрөш боюнча Азия чемпионаты башталды

Ысык-Көл облусунун Корумду курорттук айылында бүгүн, 8-июнда чоңдор жана өспүрүмдөр арасында кол күрөш (армрестлинг) боюнча XXIV Азия чемпионаты жана пара-армрестлинг боюнча XXIII Азия чемпионаты старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Салтанаттуу ачылыш аземге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев катышты.

Өз сөзүндө Урмат Асанбаев армрестлинг боюнча Азия чемпионатынын Кыргызстанда өтүп жатышы өлкө үчүн чоң сыймык экенин белгилеп, мелдеш спортсмендердин мүмкүнчүлүгү чексиз экенин дагы бир жолу далилдей турган маанилүү аянтча болуп саналарын айтты. Ошондой эле ал бардык катышуучуларга ийгилик каалап, мындай эл аралык мелдештер достукту, өз ара түшүнүшүүнү жана спорт аркылуу биримдикти чыңдоого кызмат кылаарын белгиледи.

Чемпионатка Азиянын 20 мамлекетинен келген спортсмендер катышып жатат. Мелдештер 14-июнга чейин уланат.