
Кыргызстандык боксчулар Өзбекстанда эл аралык окуу-машыгуу жыйынына катышууда
Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү эл аралык мелдештерге даярдык көрүү максатында Өзбекстандын Янгиобод шаарында өтүп жаткан эл аралык окуу-машыгуу жыйынына катышууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 7-январда башталган окуу-машыгуу жыйыны 21-январда жыйынтыкталат.
Белгилей кетсек, окуу-машыгуу жыйыны Дене тарбия жана департаментинин адындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2025-жылга алыган калдендардык планына ылайык өткөрүлүүдө.