Тергөө кызматынын 62 жылдыгына карата кичи-футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү
2025-жылдын 4-апрелинде Кант шаарынын «Абдыш-Ата» спорт комплексинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин тергөө кызматынын түзүлгөндүгүнүн 62 жылдыгына карата тергөө кызматкерлеринин арасында футбол боюнча турнир болуп өттү.
Бул күнү Чүй ОИИББнын башчысы, милициянын полковниги Каныбек Абдырахманов тергөө кызматынын 62 жылдыгы менен куттуктады.
«Сиздердин чынчыл жана ак ниет кызматыңарга, кесипкөйлүгүңөргө жана ошондой эле тергөө кызматына берилгендик менен кызмат өтөп келе жаткандыгыңыздар үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Мындан ары да кызматтык милдеттериңиздерге жана мекен алдында берген антыңыздарга бекем туруп, жүктөлгөн милдеттерди ак ниеттүүлүк менен улантасыздар деп ишенем. Сиздерге кесиптик ийгиликтерди, чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык каалайм», – деди К.Абдырахманов
Бул спорттук иш-чарага жалпы 10 команда катышып, биринчилик үчүн кызуу күрөш жүрдү. Оюндун жүрүшүндө мыкты командалар иргелип жүрүп отуруп, жыйынтыгнда «Мыкты коргоочу», «Мыкты дарбазачы», «Мыкты оюнчу» жана «Мыкты чабуулчу»
номинацияларынын негизинде командалардын арасынан мыкты оюнчуларга сыйлыктар тапшырылды. Ал эми командалык оюнда биринчиликти Жайыл РИИБдин командасы багындырса, экинчи орунду Ысык-Ата РИИБдин жана үчүнчү орунду Сокулук РИИБдин командасы жетишип, жеңүүчүлөргө кубок, диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
