Спортто мүмкүнчүлүк чексиз: Ошто бочча боюнча чемпионат башталды
Ош мэриясы
24 июль

Спортто мүмкүнчүлүк чексиз: Ошто бочча боюнча чемпионат башталды

Бүгүн, 24-июлда Ош шаарында паралимпиадалык спорттун бочча түрү боюнча Ош шаарынын Ачык чемпионаты старт алды.

Мэриядан кабарлашкандай, мелдеш 24-27-июль күндөрү өтүп, спортчулар BC1, BC2, BC3 жана BC4 категориялары боюнча күч сынашат.

Чемпионат №11 В. Терешкова атындагы мектеп-интернатында Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулууда.

Бочча – тактыкты, стратегияны жана чыдамкайлыкты талап кылган спорт. Бул мелдеш спортчуларга өз чеберчилигин көрсөтүп, жеңиш үчүн таймашууга жаңы мүмкүнчүлүк берет.