Футбол: Садыр Жапаров улуттук курама команданы жеке өзү колдоп барды
Президент Садыр Жапаров Д. Өмүрзаков атындагы стадионго футбол боюнча улуттук курама команданы жеке өзү колдоп барды. Бул тууралуу Аскат Алагөзов билдирди.
Анын айтымына караганда, мамлекет башчысы улуттук курама команданын оюндарына үзгүлтүксүз катышып, футболчуларга жана жалпы эле спорт тармагына колдоо көрсөтүп келет.
Бул иш-чара жарандар арасында сергек жашоо образын жайылтууга өбөлгө түзөт.
Кыргызстандын курама командасы бүгүн Катар менен беттешет.
Матч 2026-жылдагы Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында өтүүдө.
"Биздин команда өзүнүн жигердүүлүгү, дилгирлиги жана чеберчилиги менен мыкты натыйжаларды көрсөтөт деп үмүттөнөбүз", - деди ал.
