Бишкекте FIFA ARENA долбоорунун алкагында жаңы футбол аянтчасы ачылды
Бишкектеги №91 орто мектебинин аймагындакүн мурун, 10-майда FIFA ARENA долбоору алкагында жаңы футболдук оюн талаасы ачылды. Бул тууралуу кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты.
Салтанаттуу аземге мектептин окуучулары, мугалимдери жана Кыргыз футбол биримдигинин вице-президенти Дастанбек Конокбаев, ФИФА өкүлү Андрей Вашкевич, Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев катышты.
«ФИФА жөн гана футбол аянтчаларын камсыз кылбастан, дүйнөнүн ар бир бурчундагы балдарга, чоң футболдун бир бөлүгү болууга мүмкүнчүлүк берип жатат, бул долбоорду алгачкылардан болуп ишке ашыруу биз үчүн чоң сыймык» - деп билдирди КФБ вице-президенти Дастанбек Конокбаев.
FIFA ARENA долбоору - Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) бүткүл дүйнө боюнча мини-футбол аянтчаларынын курууга багытталган глобалдык демилгеси.
Программанын максаты балдардын жана жаштардын футбол менен машыгуу үчүн сапаттуу жана коопсуз инфраструктурага жеткиликтүүлүгүн камсыздоо болуп саналат.
Кыргызстан 2024-жылы башталган долбоордун пилоттук фазасына катышуу үчүн ФИФА тарабынан тандалган 11 өлкөнүн катарына кирген. Бул демилгенин алкагында ФИФА дүйнө жүзү боюнча 1000ден ашык заманбап кичи оюн талааларды курууну пландаштырууда.
FIFA ARENA долбоорунун негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири бул инновациялык жасалма газонду пайдалануу, ал үчүн резина күкүмдөрүн толтуруу катары талап кылбайт. Оюн аянтчалары коопсуз, экологиялык жактан таза жана ФИФАнын заманбап техникалык стандарттарына ылайыктуу курулат.
Кыргызстанда бул долбоор Кыргыз футбол биримдигинин жетекчилиги алдында ишке ашырылууда. Бишкек шаарынын Октябрь районунун администрациясы менен биргеликте долбоордун пилотун ишке ашыруу үчүн №91 жана №60 орто мектептерине караштуу аймактар тандалган.
Бүгүн №91 мектептин окуучуларын тейлей турган кичи футбол аянтчасын салтанаттуу түрдө ачып жатабыз. Жакын арада борбор калаадагы №60 мектептин аймагына экинчи аянтчасы колдонууга берилгени турат.
FIFA ARENA долбоору мектептердеги спорттук инфраструктураны өнүктүрүүдөгү маанилүү салым болуп саналат жана Кыргызстандын аймактарында программаны масштабдоо үчүн бекем негиз түзөт.
