Бүгүн Иорданияда грек-рим күрөшү боюнча Азия Чемпионаты башталат
Бүгүн, 25-март күнү Иорданиянын Амман шаарында грек-рим күрөшү боюнча чоңдор арасында Азия Чемпионаты башталат. Килемге 55, 63, 77, 87, 130 кг чейинки салмактагы балбандар чыгат.
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:30 да башталат. Азия Чемпионатын УТРК спорт телеканалы аркылуу түз эфирден көрө аласыздар.
Бүгүн килемге чыга турган балбандардын тизмеси:
- ¼ финалдык беттеш 55 кг: Улан Муратбек уулу – Ихтиер Ботиров (Өзбекстан) Адували Рахимбаев (Түркмөнстан);
- ¼ финадык беттеш 63 кг: Дөөлөтбек Чойбеков - Султан Асетулы (Казакстан) Умеш Умеш (Индия);
- 1/8 финалыкдык беттеш 77 кг: Ырыскелди Максатбек уулу – Муслихиддин Уроков (Тажикстан);
- ¼ финалдык беттеш 87 кг: Асан Жанышов - Шамиль Ожаев (Казакстан);
- 1/8 финалдык беттеш 130 кг: Эрлан Манатбеков - Фарид Шабан Хедаяти (Иран).
