Кыргызстандык эркин күрөшчүлөр Ирандагы эл аралык мелдеште төрт медаль утту
11 май

Кыргызстандык эркин күрөшчүлөр Ирандагы эл аралык мелдеште төрт медаль утту

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Ирандын Тегеран шаарында өткөн TaKhti Cup эл аралык мелдешинде 1 алтын 3 коло медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. 

Алтын медалдын ээси:

  • 61 кг Бекзат Алмаз уулу;

Коло медалдын ээлери:

  • 57 кг Абдумалик Карачев;
  • 65 кг Икрам Хаджимурадов;
  • 86 кг Бекзат Рахимов;

Курама команда башкы машыктыруучу Азат Мирахимов жана улук машыктыруучу Эламан Догдурбек уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.