Сокулуктагы борбордук стадиондун реконструкциясы жана курулушу аяктады
8 октябрь

Сокулуктагы борбордук стадиондун реконструкциясы жана курулушу аяктады

Сокулук районундагы борбордук стадиондун реконструкциясы жана курулушу аяктады, деп билдирет Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы. 

Борбордук стадионду реконструкциялоо жана курулуш иштери 2024-жылдын декабрында башталган.

Курулуш министрлиги тарабынан долбоорго ылайык, эл аралык талапка жооп берген, 2000ден ашык көрүүчүгө ылайыкталган стадион жана заманбап спорт комплекс курулду.

Бүгүнкү күндө объект толугу менен бүткөрүлүп, ачылыш аземине даяр.