Жумгалда хоккей боюнча райондун XIII республикалык ачык кубогу өттү
27 январь

Жумгалда хоккей боюнча райондун XIII республикалык ачык кубогу өттү

Жумгал районуна караштуу Миң-Куш айылында 25-26-январь күндөрү Жумгал районунун XIII республикалык ачык кубогу өттү. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, мелдешке 7 команда катышты. Алар:

  • Ысык-Көл облусунан 2 команда,
  • "Долон" жана "Ысык-Көл", Жумгал районунан 4 команда,
  • "Жумгал-Шортон",
  • "Байзак -Дордо",
  • "Барчын",
  • "Байзак баатыр",
  • Нарын шаарынан "Нарын шумкарлары" командасы.

Финалдык беттеште биринчи орун үчүн "Нарын шумкарлары" командасы жана "Жумгал-Шортон" командасы ат салышты.

Жалпы байге фонду сыйлыктарга жана уюштуруу иштерине 300 миң сомду түздү.

Оюндун жыйынтыгында дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды:

1- орунду камсыздаган "Нарын шумкарлары" (Нарын шаары) командасына Кубок жана 70 миң сом;

2-орун - "Жумгал-Шортон" (Чаек айылы) командасына 45 миң сом;

3-орун - "Миң-Куш" (Миң-Куш айылы) командасына 30 миң сом;

4-орун "Байзак баатыр" (Байзак айылы) командасына 20 миң сом.

Мындан сырткары, "Мыкты дарбазачы", "Мыкты коргоочу", "Мыкты оюнчу", "Мыкты чабуулчу", "Мыкты калыс", "Мыкты бомбардир" номинациялары боюнча диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.